Бул диетаны акырына чейин бузбай кармоого чыдамыңыз жетсе, бир жумада 4-5 килограммга чейин арыктай аласыз.
❗1-күн Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: жашылчалар жана бадыраң кошулуп жасалган шорпо, алма. Саат 3-4төрдө: апельсин. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Салатка өсүмдүк майын кошсоңуз болот. Жатардан 2 саат мурун: 1 даана бадыраң.
❗2-күн Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан Түштө: шалгам менен бадыраңдан жасалган салат, 50 грамм уйдун сууга бышкан эти. Саат 3-4төрдө: алма. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Жатарга 2 саат калганда: 1 даана бадыраң.
❗3-күн Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: 100 грамм сууга бышкан күрүч, бадыраң, 100 грамм сууга кайнатылып бышкан балык. Саат 3-4төрдө: бадыраң. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
❗4-күн Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: бадыраң, 20 грамм катуу сыр, 100 грамм сууга бышкан күрүч. Саат 3-4төрдө: алмурут же алма. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
❗5-күн Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: шалгам, сабиз, капуста жана бадыраң салаты, апельсин. Саат 3-4төрдө: алма. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр. Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
❗6-күн Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: шалгам, сабиз, бадыраң кошулуп жасалган шорпо. 1 даана сууга бышкан жумуртка, алмурут. Саат 3-4төрдө: мандарин. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр. Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
❗7-күн Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан. Түштө: шалгам, бадыраң, сабиз кошулуп жасалган шорпо, алма. Саат 3-4төрдө: бадыраң. Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Эскертүү: Диетаны кармаардан мурда дарыгер менен кеңешип алуу туура.